Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Министр: Актөбөдөгү кол салуунун артында ИМ тобу турат


Казакстандын тышкы иштер министри Ерлан Идирисов Актөбөдөгү чабуулчуларды "Ислам мамлекети" террордук тобу менен байланыштырды. Министр Ерлан Идирисов 5-июнда “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидерлеринин биринен коңгуроо болгондон кийин курал сатуучу эки дүкөнгө жана Улуттук гвардиянын аскердик бөлүгүнө кол салынганын айтты.

Идирисовдун 20-июндагы маалыматына ылайык, Абу Мухаммад аль-Аднани интернет аркылуу ДАИШтин тарапкерлерине Рамазан айында активдүү болууга чакыргандан кийин чабуул жасалган. Актөбөдө чабуул жасагандар Аднанинин чакыруусун аткарышкан. Ошол кол салууда беш жай тургун жана күч органдарынын үч кызматкери набыт болгон. Казакстан коопсуздук күчтөрү 18 жоочуну жок кылып, жетөөн кармашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG