Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Азербайжан жана Армения лидерлери Санкт-Петербургда жолугушту


Cанкт-Петербургдагы жолугушуу. 20-июнь, 2016-жыл.

Cанкт-Петербургдагы жолугушуу. 20-июнь, 2016-жыл.

Азербайжан президенти Илхам Алиев менен Армения мамлекет башчысы Серж Саргсян Тоолу Карабактагы чатакты жайгаруу максатында Санкт-Петербург шаарында 20-июнда жолугушту. Москва ортомчулук кылган сүйлөшүүгө Орусия президенти Владимир Путин да катышты. Армения жана Азербайжан лидерлери Тоолуу Карабакта быйыл апрелде абал чыңалгандан бери экинчи ирет жолугушууда. Май айында Вена шаарында кезигишкен.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтуусунда, үч президент сүйлөшүү алкагында аймакта Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларынын санын көбөйтүүнү макулдашты.

Тоолуу Карабактагы Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башындагы согуштан бери Азербайжан менен улам-улам чатакташып келишет. Ортодо тынчтык келишими түзүлгөнү менен андан майнаптуу жыйынтык чыга элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG