Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Активисттер ЖМК тууралуу мыйзам долбооруна каршы пикет өткөрүшөт


"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөргө каршылык билдирип, бүгүн Ак үй алдында жарандык активисттер пикет өткөрүшөт. Уюштуруучу Өндүрүш Токтонасыров “Азаттык” радиосуна билдиргендей, катышуучулар жабылбаган кулпуларды көтөрүп алышат. Ал “эл аралык медиа уюмдарга кулпу салбагыла” деген маанини түшүндүрөт. Андан тышкары мыйзамды кабыл албоого чакырган жазууларды көтөрүп алышмакчы.

Токтонасыров өзү менен кошо бир-эки пикирлеш активисттер болорун белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрт депутаты сунуштап жаткан мыйзамга ылайык, Жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу. Чет жактан каржыланган маалымат каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керек деген эреже да жазылган.

16-июнда документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине киргизилип, бирок авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде кийинкиге калтырышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG