Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:53

Өкмөт курамын өзгөртүү сунушу парламентте каралат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн курамын өзгөртүү боюнча сунушу менен бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинде баяндама жасайт.

Сунушка ылайык,Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин базасында Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет түзүү, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функциясын кеңейтүү, Байланыш агенттиги менен Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалымат технологиялары жана байланыш агенттигин түзүү каралууда.

Андан тышкары, Экономика, транспорт жана байланыш министрликтеринин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Геология, минералдык ресурстар агенттигинин функцияларын реорганизациялоо жана кыскартуу сунушталууда. Ал эми Экотехинспекциянын укуктарын кеңейтүү каралган.

Өкмөт сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кошумча каражатты жана кызмат орундарын ачууну талап кылбай турганын белгилейт.

Кыргызстанда 11 министрлик, 2 комитет, 8 агенттик, 11 кызмат жана 6 фонд, инспекция бар. (SE)

XS
SM
MD
LG