Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Кыргызстанды эл аралык тынчтык кербени кыдырып чыкты


Ала-Тоо.
Ала-Тоо.

«Жибек жолундагы улуу Манас баяны» жана "Манас атанын бир эли" деп аталган тынчтыктын жана ынтымактын эл аралык кербени 19-майдан тарта Кыргызстандын Баткен облусунан башка аймактарын кыдырып чыкты. Бул тууралуу кербендин уюштуруучусу, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева "Азаттыкка" билдирди. Кербендин курамына Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунан келишкен 40тай өкүл кирген. Алардын арасында айтылуу тарыхчылар, мугалимдер, ырчы, акындар, санжырачылар бар.

Бул иш-чаранын максаты байыркы кыргыздардын тарыхын, "Манас" эпосун калың элдин катмарына жайылтууга, дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчундагы кыргыздардын башын бириктирүүгө багытталган. Алдыда Түркиядагы Ван жана Орусиянын Алтай аймагындагы кыргыздарга барып, алар менен жолугушууларды уюштуруу максат кылынууда. (NT)

XS
SM
MD
LG