Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Тергөө комитети Немцовдун өлүмүнүн себептерин атады


Орусиядагы оппозиция лидерлеринин бири Борис Немцовдун тирүү кези.

Орусиядагы оппозиция лидерлеринин бири Борис Немцовдун тирүү кези.

Кылмышкерлер Борис Немцовдун башы үчүн 15 миллион рублдан кем эмес акча сайылгандан кийин 2014-жылдын сентябрынан тарта кол салууну уюштурушкан. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин саясатчынын өлүмүнүн негизги себептерине токтолуу учурунда билдирди.

Тергөө комитети диний жек көрүүчүлүктөн улам өлтүрүлгөн деген болжолду четке какты. Чеченстандык беш адамга каршы козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Уюштуруучулар жана буйуртма бергендердин тергөөсү уланууда.

Оппозициялык саясатчы Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москвада атып өлтүрүлгөн. Бул иш боюнча Заур Дадаев, Шадид менен Анзор Губашевдер, Темерлан Эскерханов жана Хамзат Бахаев аттуу адамдар кармалган.

Кылмышты уюштурган жана буйрук берген деп божомолдонгон Чеченстандын ички иштер министрлигинин "Түндүк" батальонунун мурдагы жоокери Руслан Мухидиновду камоо боюнча сырттан өкүм чыккан.

Немцовдун үй-бүлөсүнүн жактоочулары дагы бир уюштуруучу катары батальондун башка жоокери Руслан Геремеевди аташкан. Бирок Тергөө комитетинин башчысы ага сырттан айып тагуу боюнча токтомду бекитүүдөн баш тарткан.

Немцовдун тарапташтары болсо ал саясий ишмердигинин курмандыгы болгонун айтып келишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG