Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Назарзоданын тобунда делгендер Тажикстанга өткөрүлдү


Атайын операциядан кийин табылган курал-жарактар.
Атайын операциядан кийин табылган курал-жарактар.

Өткөн жумада Интерпол Казань шаарында ага-ини Мирзо жана Каноат Мукаммиловдорду кармаган. Орусия аларды Тажикстанга өткөрүп берди.

Булардын бири Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын айдоочусу.

Мукаммиловдор беш бир тууган. Алардын үчөө Садриддин, Наджмиддин жана Муборак өткөн жылдын октябрында мыйзамсыз курал алып жүргөн, Назарзоданын тобу менен кызматташкан деп камалышкан.

Ал эми издөөдөгү экөө колго түшкөндөн кийин алардын качуусуна жардам берген делип, ончакты адам да кармалганы кабарланууда.

Генерал Назарзода өлкөдө төңкөрүш уюштурмак болгон деп айыпталып, атайын операция учурунда жок кылынган.

XS
SM
MD
LG