Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Казакстан: Ильин 2008-жылы да допинг колдонгону ашкереленди


 Илья Ильин
Илья Ильин

Казакстандык оор атлет Илья Ильин 2008-жылдагы Бээжиндеги Олимп оюндарында да допинг колдонгону анык болду. Бул тууралуу Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) билдирүүдө.

Аталган Олимпиадада Ильин 94 кг салмакта биринчи орунду алып, алтын медаль уткан. IWF анын канынан станозол табылганын айтууда.

Мурдараак федерация Ильиндин Лондон Олимпиадасында тапшырган канын кайра текшергенде да допинг табылганын билдирген эле. Аны менен бирге 2012-жылкы Олимп оюндарына катышкан казакстандык спортчулар Светлана Подобедова, Зульфия Чиншанло, Майя Манеза да допинг колдонгону шардана болгон.

Аталган спортчуларды Бразилиядагы олимпиададан четтетүү маселесин Эл аралык олимпиада комитети чечет.

XS
SM
MD
LG