Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:14

Ош: эстакадалык көпүрөнүн ремонтко жабылганы талкуу жаратты


Жабылган көпүрө
Жабылган көпүрө

Ош шаарында жарым жыл мурун пайдаланууга берилген эстакадалык көпүрөнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылды. Бул аракет коомчулукта сынга алынууда. Ош шаардык мэриясынын жолдор боюнча башкармалыгынын жетекчиси Арзыбек Жунусов ремонт иштери бир жумадан кийин аяктай турганын "Азаттыкка" кабарлады:

- Термошов деген нерсе бар. Ал ар бир балкага коюлат. Азыр ошону даярдап атабыз. Бир жумадан кийин бүткөрөбүз. Ремонтко смета боюнча акча бөлүнгөн. Көпүрөнүн курулушунан үнөмдөлгөн 105 миллион сом бар эмес беле. Аны көпүрөнү реконструкциялоонун үчүнчү этабына жумшайбыз.

Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрө былтыр 28-октябрда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда пайдаланууга берилген. Ачылыш аземинде жүзгө жакын жүк ташуучу автоунаа көпүрөдөн өтүп, сыналган. Көп узабай көпүрөнүн жакасындагы тротуарлар бузулуп, жолдун башындагы асфальт чөгүп кеткени кабарланган. Ошондой эле көпүрө алдынан суу агып, тепкичтери да талкалана баштаганы айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG