Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:41

Кэмерон Евробиримдикте калууну колдоого чакырды


Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон

23-июнда өтө турган референдумдун алдында Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон Евробиримдиктен чыгуу британ экономикасына жана улуттук коопсуздугуна залал келтирет деди. Жумушсуздар саны, баалар өсүп, союздаштар азаярын премьер дагы бир жолу кайталады.

Дүйнөлүк лидерлер, ири компаниялар жана инвесторлор Британиянын Евробиримдиктен чыгышы анын таасирин азайтып, дүйнөлүк базарда олку-солкулуктарга алып келип, залакасы бардык батыш өлкөлөрүнө тиерин айтып келишет.

Биримдиктен чыгууну жактаган евроскептиктер болсо өлкөгө иммигранттардын агымы көбөйгөндөн келип чыккан көйгөйдү жүйө келтиришүүдө.

Сурамжылоолорго караганда, акыркы күндөрү Евробиримдикте калууну колдогондор арбып, 50%дан бир аз ашты.

Референдум кампаниясы 17-июнда Кэмеронго тилектеш депутат Жо Коксту өлтүрүп кетишкенден кийин үч күнгө токтотулган эле.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG