Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Ооган талиптери жыйырмадай адамды уурдап кетишти


Талиптер токтоткон автобус.
Талиптер токтоткон автобус.

Ооган расмийлери Гилменд провинциясында “Талибан” жоочулары жыйырмадан ашуун адамды уурдап кетишкенин маалымдады. Окуя 21-июнда аймактын Вашир районунда болгон.

Облус акиминин өкүлү Умар Звок билдиргендей, согушкерлер Кандагар шаарынан Гератка бараткан бир автобус жана эки жүк унаасындагы адамдарды барымтага алышкан. Аларды талиптердин негизги турумдары жайгашкан Маржа районуна алып кетиши ыктымал деп болжолдонууда.

Күбөлөрдүн айтымында, автобусту токтоткон согушкерлер Ооган улуттук армиясынын жоокерлеринин кийимин кийип алышкан. Алгач 60 кишини кармашкан, кийинчерээк аялдар менен балдарды бошотушкан.

Талиптер бул боюнча тараткан билдирүүдө барымтага алынгандар арасында бийлик өкүлдөрү бар-жок экени такталып жатканы, Кабул бийлигине кызмат кылбагандар бошотулары айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG