Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:38

Сузакта чагылгандан 50дөн ашык кой кырылды


Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Күрөбөс жайлоосунда чагылгандан 55 кой кырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Алмалуу-Булак айылынын тургуну Медербек Каамытов элдин коюн алып, жайлоого чыккан. 20-июндун түнүндө түшкөн чагылгандан кырылган койлордун 20 чактысын гана адалдап союуга жетишкен.

16-июнда Аксы районунда чагылгандан 145 жандык кырылган эле. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG