Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жалпы жыйында премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөт түзүмүн өзгөртүү демилгесин кубаттады. Бир катар депутаттар айрым аткаминерлерди алмаштыруу зарылдыгын белгилеп, экономиканы, туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурууга премьерди чакырышты. Өкмот башчы ишти натыйжалуу алып барууга убада берди. Соңунда берилген сунуш-пикирлерди эске алуу менен өкмөт түзүмүн өзгөртүү боюнча парламенттин токтому кабыл алынды. Жээнбеков сунушту колдоп бергени үчүн эл өкүлдөрүнө ыраазылык билдирип, өкмөт курамын төмөнкүдөй өзгөртүүнү сунуштады:

-Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин түзүү;

- Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функцияларын кеңейтүү;

- Мамлекеттик байланыш агенттиги жана өкмөткө караштуу Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин түзүү;

- Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайрадан түзүү жана функцияларын кыскартуу;

- Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жер казынасын пайдаланууну көзөмөлдөө милдетин жүктөө.

Өкмөт бул өзгөртүүлөр кошумча жумуш орундарын жана каржылоону талап кылбай турганын, ошондой эле ишти жакшыртууга багытталганын айтууда.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 21-июнда өкмөттүн демилгесин жактырган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG