Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Македония парламенти президент Ивановго импичмент жарыялоону колдогон жок


Македония президенти Георг Иванов.
Македония президенти Георг Иванов.

Импичмент жараянын баштоо демилгесин өлкөдөгү оппозициялык социал-демократиялык партия көтөргөн. Бирок ал талап кылынган үчтөн-эки добушту 21-июндагы шайлоодо камсыздай алган жок. Президент Георг Ивановго импичмент жараяны ал жашырууну тыңшоолорго тиешеси бар делген 56 кишиге мунапыс жарыялаганга байланыштуу көтөрүлгөн.

Оппозициялык партия лидери Стефан Богоев Иванов 20 миңдей адамды жашыруун тыңшоого тиешеси бар делген мурунку өкмөт башчы Никола Груевски жана анын жан-жөкөрлөрүн бошотконго байланыштуу “президент деп аталууга татыктуу эмес” деп эсептейт. Бирок Иванов Европа биримдиги жана Кошмо Штаттардын басымы астында мунапысын эки жума мурун токтоткон.

Ивановдун мунапысы өлкөдө массалык нааразылык акцияларына жана 5-июнга белгиленген парламенттик шайлоону которууга алып келген. Бийлик да, оппозиция да жаңы шайлоолор кризистен чыгуунун жолу экенин түшүнүшөт. Бирок социал-демократтар шайлоочулар тизмеси жаңыланмайын жана басма сөз эркиндиги камсыздалмайын эркин жана адилет шайлоо болушу мүмкүн эмес деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG