Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Москва Hyperloop вакуумдук поездин куруу келишимине кол койду


Hyperloop системасы америкалык инженер Илон Маск тарабынан ойлонулуп табылган.
Hyperloop системасы америкалык инженер Илон Маск тарабынан ойлонулуп табылган.

Өтө ылдам жүрүүчү Hyperloop системасы америкалык инженер Илон Маск тарабынан ойлонулуп табылып, Лос-Анжелестеги компания тарабынан иштелип чыккан.

Гипперлуп системасында абасы жок түтүк ичинде магнит аркылуу левитация жасалат. Мындай ыкма менен поезд саатына 750 миль же 1200 чакырым ылдамдыкта жүрө алат.

“Гипперлуп 16 млн калкы бар Москва жана Москва облусунун турмушун жеңилдетүүгө салым кошот” деп эсептейт Hyperloop One компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Шервин Пишевар. Анын 21-июндагы билдирүүсүнө караганда, компания Орусиядагы долбоорлордун келечегине кеңири карап, Пекиндин Жибек жолу долбоорунун алкагында Кытайдан Европага жүктөрдү бир күндө жеткирүүнү көздөйт.

Hyperloop Oneнин аткаруучу директору Роб Ллойд Москвада Гипперлуп системасын куруу канчага турарын айткан эмес.Кызматташуу боюнча келишим Санк-Петербургдагы экономикалык форумда жетишилген.

Орус тараптан инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып жүргөн Summa Group аттуу компания кол койгон. Орусиянын транспорт министри Максим Соколов Орусия долбоорду инвестициялоону Кытайга сунуштарын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG