Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Борбор Азиядагы кибер коопсуздук талкууланууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте өтүп жаткан эл аралык форумда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү интернет саясаты, кибер коопсуздук, DNS индустриясынын өнүгүүсү жана бүткүл дүйнөлүк интернет желесине кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралууда.

Форумга Кыргызстан, Орусия, Европа жана коңшу өлкөлөрдөгү эл аралык уюмдардын маалымат, байланыш жаатындагы адистери катышууда.

Алар аймактагы кибер коопсуздук, интернет аркылуу өнүгүү жана анын мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүшүн талкуулап жатышат.

21-июнда башталган форум бүгүн аяктайт. Аны Транспорт жана байланыш министрлиги, «Интернет саясатынын жарандык демилгелери» фонду уюштуруп, SecDev Foundation, ICANN жана Internet Society эл аралык уюмдары каржылык колдоо көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG