Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Украина Эл аралык валюта фондунан быйыл 1,7 млрд доллар насыя алат


Украин өкмөт башчысы Володимир Гройсман
Украин өкмөт башчысы Володимир Гройсман

Бул тууралуу украин өкмөт башчысы Володимир Гройсман Вашингтонго жасаган 21-июндагы сапарынан кийин билдирди. Эл аралык валюта фонду төрт жылдын ичинде Украинага 17,6 млрд доллар насыя бөлүүнү чечкен. Бирок Вашингтондо жайгашкан финансылык уюм Украинада реформалардын жай жүрүп жатканына наазары. Ошондуктан Киев бөлүнгөн насыянын 6,7 млрд долларын ала элек. Апрель айында өкмөт башына келген Гройсман ЭФВ менен кызматташууну кайрадан жолго коюуга убада кылган. Украинанын экономикасы 2015-жылы 9,9% төмөндөгөн. Гройсмандын эсеби боюнча быйыл 1,5% өсүү болууга тийиш. (AiT)

XS
SM
MD
LG