Линктер

Бириккен Улуттар уюмунун чектөөлөрүнө карабай, учурулган "Мусудан" тибиндеги ракета 250 миль учуп барып, Жапон деңизине түшкөн. Биринчи ракета 22-июнда атылып, 95 миль барып түшкөн. Аны Түштүк Корея маалымат каражаттары ийгиликсиз сыноо катары баалашкан.

Пхеньян "Мусудан" тибиндеги жаңы ракетасын апрель айынан бери алты жолу сыноодон өткөрдү. Бириккен Улуттар уюму баллистикалык ракеталарды учурууга Түндүк Кореяга тыюу салган. Бирок Пхеньян аны эгемендүүлүккө шек келтирет деп, четке каккан. Токио Пхеньяндын ракета сыноосун “чагым” катары баалады. Ал эми Сеул улуттук коопсуздук кеңешин чакырып, кандай жооп берүү маселесин талкуулоону чечти. Кошмо Штаттар сыноону БУУнун чечимин бузуу катары баалап, Түндүк Кореянын жоопкерчилигин Коопсуздук Кеңешине алып чыгарын билдирди. (AiT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG