Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:43

Казакстанда сибирь жарасы чыкканы тастыкталды


Казакстандын Караганда облусунун ветеринардык лабораториясы Эркиндик айылында союлган малдын этинен күйдүргү табылганын билдирди. 22-июнда өткөрүлгөн маалымат жыйынында Караганда облусунун акиминин орун басары Шагурашид Мамалинов 20-21-июнда сегиз адам ооруканага жаткырылган Эркиндик айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин жарыялады. Айылга кирүү жана чыгууга тыюу салынды. Ооруканага түшкөн сегиз кишинин экөө каза болуп калды. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жергиликтүү тургун сибирь жарасы менен ылаңдаган уюн союп, коңшуларына этин саткан. Адамдарга мына ошондон жуккан деп шектелүүдө. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG