Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Никитенко: ЖМК мыйзамына өзгөртүүлөр бул тармакты көзөмөлдөөгө багытталган


Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко ЖМК мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөр демилгечилер айткандай коопсуздукту камсыздоого эмес, маалымат айдыңын көзөмөлдөөгө багытталган деген оюн билдирди. Ал Кыргызстанда кайсы жалпыга маалымдоо каражаты коопсуздукка коркунуч туудуруп жатат деп суроо салды:

- Коопсуздук деген суроо качан жаралат? Демилгечилер жарандардын коопсуздугун коргош керек деп 125 жолу кайталашты. Бирок аларды кимден коргоп жатабыз? ЖМКлар коопсуздукка коркунуч туудургандай кандай маалымат таратышы мүмкүн? Ар бир мамлекет өз жолу тандап алат. Биз парламенттик демократияны тандап алганбыз. Бул жол сөз эркиндигине негизделген. Бул долбоордун максаты коопсуздук эмес, ЖМК тармагына кийлигишүү аракети.

Парламент азыр аталган мыйзам долбоорун талкуулап жатат. 16-июнда документ парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда күн тартибине киргизилип, бирок коомчулукта катуу сынга алынгандан кийин авторлор "долбоор чала болуп жатат" деген негизде кийинкиге калтырышкан.

Демилгечилердин бири Кожобек Рыспаев телеканалдардын акцияларынын 65 пайызына Кыргызстандын жарандары, 35 пайызына гана чет элдиктер ээ болушу керектигин сунуштоодо. Буга чейин аталган документ орус мыйзамынын көчүрмөсү экенин, ал документтин кабыл алынышы менен Орусияда медианын үстүнөн мамлекеттик көзөмөл күчөгөнүн Москвадагы ЖМК укугун коргоо борборунун директору Галина Арапова "Азаттыкка" билдирген. Кыргызстанды мындай мыйзамды четке кагууга чакырган. Аны артка чакыртууну жергиликтүү медиа уюмдардын жетекчилери, эксперттер, жарандык активисттер да талап кылышууда.(NT)

XS
SM
MD
LG