Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Британияны чоң сыноо күтүп турат


Алдын ала сурамжылоолорго караганда, ушу тапта британиялыктардын жарымынан бир аз көбү Евробиримдикте калууну жактоодо.
Алдын ала сурамжылоолорго караганда, ушу тапта британиялыктардын жарымынан бир аз көбү Евробиримдикте калууну жактоодо.

23-июнда Британияда Евробиримдикте калууну же чыгууну чечкен референдум өтөт. Ага саналуу сааттар калганда талкуу, дебаттар күчөөдө. Акыркы ирет өткөн дебат, Лондондун мурунку - азыркы мэрлеринин жаакташуусу - эң өзгөчөсү болду.

Шейшембинин кечинде Лондондогу “Уэмбли арена” концерт залында кызуу дебат өттү.

Анда Лондондун мурдагы мэри Борис Жонсон баштаган Биримдиктен чыгууну колдогондор жана уюмда калууну жактаган азыркы мэр Садик Хан баштаган адамдар өз жүйөлөрүн акыркы ирет ортого салышты.

Төрт сааттык талкууга алты миң көрүүчү көз салды. Сөз негизинен экономика, миграция, көз карандысыздык темаларында болду.

Борис Жонсон британдыктар Еврошаркеттен чыгууну колдосо, бейшемби "өлкөнүн көз карандысыздык күнү болуп каларын" айтты. Ушу тапта Британия шаркет ичинде өзү үчүн маанилүү экономикалык маселелерди чече албай жатканына токтолду:

- Биздин бардык соода сүйлөшүүлөрүбүздү Еврокомиссия жүргүзөт. Андагы чиновниктердин 3,6% гана биздин өлкөдөн. Ошон үчүн алар өтө зарыл болгон Кытай, Индия, Америка жана башка дүйнөлүк экономикалар менен эркин соода келишимин түзүүдө аягына чейин такоот бере алышпаганы таң калычтуу деле эмес.

Мурдагы жана азыркы мэрдин референдум боюнча талашы.
Мурдагы жана азыркы мэрдин референдум боюнча талашы.

Лондондун азыркы мэри Садик Хан ага өз аргументтерин каршы койду:

- Мен күн сайын биздин шаардагы компаниялардын жетекчилери менен масилеттешип турам. Мен сыяктуу сиз деле сонун билесиз, Лондондогу жарым миллион жумуш орундары Евробиримдик менен түздөн-түз байланышкан. Мен дүйнөдөгү алдыңкы компаниялары менен байланышып турам. Билесизби, Блумберг, Сони, АИЖ, Иншуранс өңдүү компаниялардын 60 пайыздан ашууну европалык штаб квартирасы үчүн кайсы шаарды тандашты? Лондон! Биздин экспорттун жарымы Европага кетет. Борис, эмне үчүн күтүүсүз эле позицияңызды өзгөртүп ийдиңиз?

Садик Хан
Садик Хан

Ошондой эле Садик Хан Түркия Евробиримдикке кирип кетет деп, Жонсон элге жалган айтып, коркутууда деп сындады. Жакын арада андай болбосун кошумчалады.

А Жонсон тарап Еврошаркет колдоочуларын Британияны басынтып атат деп айыптайт. Алар өлкөнү мигранттар каптаганын, андан чыккан көйгөйлөрдү жүйө келтиришүүдө.

Ал эми Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон дебаттан мурдараак мурда пландалбаган кайрылуу менен чыккан эле:

- Ири алдыда биздин экономикалык коопсуздугубуз турарын белгилеп кетейин. Эгер биз Евробиримдикте калсак, ал бекем болот. А чыксак коркунучка кептелет. Жумушчу орундар, үй-бүлөлөр, балдардын келечеги коркунучка тушугат. Бизге артка жол жок.

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон
Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон

Брекситке, же болбосо, шериктештердин катарынан чыгуу идеясына Евробиримдиктин дээрлик бардык жетекчилери каршы болуп келишет. Акыркы ирет Еврокомиссия төрагасы Жан-Клод Юнкер бөлүнүү он жылдап жетишилген эки тараптуу ийгиликтерди жокко чыгарарын белгиледи. Ошондой эле Биримдикте калуу үчүн добуш берүүгө чакырды.

Дүйнөлүк лидерлер, ири компаниялар жана инвесторлор Британиянын Евробиримдиктен чыгышы анын таасирин азайтып, дүйнөлүк базарда олку-солкулуктарга алып келип, залакасы бардык батыш өлкөлөрүнө тиерин айтып келишет.

Алдын ала сурамжылоолорго караганда, ушу тапта британиялыктардын жарымынан бир аз көбү Евробиримдикте калууну жактоодо.

23-июндагы референдум Бириккен королдуктагылар үчүн акыркы жылдардагы үчүнчү ири тандоо. Буга чейин 1975-жылы британдыктар Европа экономикалык биримдигине кирүүнү жактап добуш берген. 2011-жылы улуттук шайлоо системасы боюнча референдум өткөн.

XS
SM
MD
LG