Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

Ооганстанда барымтага алынгандардын көпчүлүгү бошотулду


Гилменд провинциясынын губернаторунун маалымат катчысы Омар Зуактын 22-июндагы билдирүүсүнө караганда, талиптер 23 кишини эч кандай кун албастан бошотушту. Бийлик өкүлдөрү жергиликтүү аксакалдар жана уруу башчылары менен сүйлөшүп, барымтадагыларды бошотууга аракет жасашты. Анын натыйжасында барымтага алынган 25 кишинин 23ү бошотулду. Калган эки киши да жакынкы мезгилде бошотулушу күтүлүп жатканын, Омар Зуак белгилеген. Талиптер Гилменд провинциясыннын Вашер районундагы жолдо 27 киши кармалганын, ооган өкмөтү менен байланышы барлар “ислам соту” аркылуу жазасын аларын билдирген.

Ооган аскерлери барымтадагылар аскерий операциядан кийин бошотулду десе, талиптер аны четке кагышты. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG