Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:16

Молдованын мурунку өкмөт башчысы ачкачылык акциясын токтотту


Влад Филат
Влад Филат

Мурунку өкмөт башчы Влад Филат 20 күнгө созулган акциясын 21-июнда токтотконун өлкөнүн пенитенциардык мекемеси кабарлады.

Филат акциясын ага карата жүргүзүлгөн коррупциялык иштерге каршы баштаган. 21-июнда соттук отурумда Влад Филат эси ооп жыгылган. Дарыгерлер чакырылып, сот жараяны токтотулган. Филаттын адвокаты Игорь Попа анын кардары ден соолугуна байланыштуу сотко катышууга алы жок болчу деп билдирди. Бирок Филат 22-июнда сотко келди. Эгерде айыптуу деп табылса, 19 жылга кесилет. Кезектеги соттук отурум 27-июнда болот. Влад Филат өлкөдөн 1 млрд доллар акчаны алып чыгып кетүү боюнча банктык аферага аралашып, пара алган деп айыпталууда. Ал 2009-2013-жылдары Молдованын премьер-министри болгон. Филат коюлган айыптарды четке кагып, саясий себептерге байланыштуу камалганын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG