Атактуу ырчыны Карачи шаарында жоочулар атып кеткен. Полициянын маалыматына караганда, ырчы Эмжад Сабриге 22-июнда автомобилде бараткан кезде мотоциклчен белгисиз адамдар ок чыгарган. Аны жанындагы киши жарадар болгон. 45 жаштагы Сабринин атасы, маркум Гулам Фарид Сабри да түбү сопучулукка, ислам мистицизмине барып такалган стилде ырдачу. Диний талаптарды кынтыксыз аткарууну талап кылган талиптер сыяктуу уюмдар сопучулук салттарын кармагандарды динбезерлер катары баалашат. Сопулар буга чейин да чабуулдарга кабылып келген. (AiT)