Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Жогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамы шайланды


БШКнын азыркы курамынын ыйгарым укуктары 4-июлда аяктайт.
БШКнын азыркы курамынын ыйгарым укуктары 4-июлда аяктайт.

Жогорку Кеӊештин 23-июндагы жалпы жыйынында президент жана фракциялар тарабынан БШК курамына сунуштаган талапкерлер көпчүлүк добуш менен колдоо тапты. 21-июнда аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитети жактырып, жалпы талкууга коюлган.

Президент - Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров, Нуржан Шайылдабекованын талапкерлигин көрсөткөн. КСДП фракциясы Адилет Сатыгуловдун, «Кыргызстан» Акылбек Эшимовдун, «Өнүгүү – Прогресс» Назарали Ариповдун, «Ата Мекен» Гүлнара Журабаеванын, «Республика – Ата Журт» фракциясы Атыр Абдрахматова менен Елена Жылкычиеванын, «Бир Бол» фракциясы Абдыжапар Бекматов, Кайрат Осмоналиевдин талапкерлигин сунуштады.

БШКнын азыркы курамынын ыйгарым укуктары 4-июлда аяктайт. Мыйзам боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы 12 мүчөдөн куралат. Анын төртөөн президент, калгандарын фракциялар сунуштап, парламенттин жалпы жыйынында шайланат. (NT)

XS
SM
MD
LG