Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Жалал-Абадда селден ички чарбалык жолдорго зыян келди


Сел.
Сел.

ӨКМ билдиргендей, 23-июнга караган түнү Аксы районунун Кашка-Суу жана Кара-Суу айылдарында катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен сел жүрдү. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Өлөң-Булак, Тосту, Кара-Башат айылдарына баруучу ички чарбалык жолдорду суу жеп, жеңил автоунаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралды. Ошондой эле Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Чарбак айылында, “Досбайдын Дөңү” участкасында ички чарбалык жолдор зыян тартып, он беш үйдүн короо-жайын сел каптаган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Базар-Коргон районунун Арстанбап сайында катуу жааган жаандын кесепетинен суунун деңгээли көтөрүлдү. Кызыл-Алма айылындагы 150 кожолукка жана Кош-Терек айылындагы 250 кожолукка өтүүчү көпүрөлөрдүн тосмолорун суу алып кетти. Ошондой эле Арстанбап сайынан Дүңкана айылындагы элдер өздөрү ашар жолу менен салган эгин талааларына алып баруучу көпүрөнү сел алды. Райондук жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү сел жүргөн аймактарга жөнөп кетишти. (NT)

XS
SM
MD
LG