Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Атамбаев Каримов менен жолугушат


Каримов менен Атамбаевдин ШКУнун Бишкек саммитиндеги жолугушуусу, 13-сентябрь, 2013-жыл.
Каримов менен Атамбаевдин ШКУнун Бишкек саммитиндеги жолугушуусу, 13-сентябрь, 2013-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкендеги саммитинин алкагында өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугушат. Бул маселе президенттин сапарынын күн тартибинде бар. Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, мындан тышкары Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Мамлекет башчы жетектеген Кыргызстандын делегациясы ШКУ жыйынына катышуу үчүн Ташкенге бүгүн жөнөп кетти. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG