Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:18

Замирбек Айдаров кызматтан бошотулду


Замирбек Айдаров транспорт жана байланыш министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка 23-июнда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Анда премьер-министрдин бул багытта сунушу кабыл алынганы жана Жогорку Кеңештин жактыруусуна чейин Замирбек Айдаровго министрдин милдетин аткаруу жүктөлгөнү жазылган.

Айдаров транспорт жана байланыш министри кызматына быйыл апрелде дайындалган. Ага чейин мекеменин алдындагы Жол чарба департаментин жетектеп келген. Аталган департамент Балыкчы - Корумду жолуна тендерди мыйзамсыз өткөрдү деп айыпталган эле. Аны кызматка дайындоо учурунда айрым депутаттар каршылык билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG