Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Турдуназир Бекбоев министрдин милдетин аткаруучу болуп калды


Президент Алмазбек Атамбаев 23-июнда кол койгон жарлыктын негизинде, Турдуназир Бекбоев айыл чарба жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Жогорку Кеңештин чечимине чейин ага айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясаты бөлүмү кабарлады.

22-июнда парламент премьер-министрдин өкмөт түзүмүн өзгөртүү сунушун колдогон. Ага ылайык, эми Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин базасында Өнөр жай, энергетика жана жер байлыгын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети, Байланыш агенттиги менен Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалымат технологиялары жана байланыш агенттиги негизделет.

Экономика, Транспорт жана байланыш министрликтеринин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Геология, минералдык ресурстар агенттигинин функциялары кайрадан түзүлүп, кыскартылат.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Экотехинспекциянын укуктары кеңейтилет. Өкмөт бул өзгөртүүлөр кошумча жумуш орундарын жана каржылоону талап кылбай турганын, ошондой эле ишти жакшыртууга багытталганын айтууда. (NT)

XS
SM
MD
LG