Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Президент Алмазбек Атамбаевди өзбек премьери тосуп алды


Президент А. Атамбаевди Ташкенде Өзбекстандын өкмөт башчысы Ш. Мирзияев тосуп алды.

Президент А. Атамбаевди Ташкенде Өзбекстандын өкмөт башчысы Ш. Мирзияев тосуп алды.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн бүгүн кечке жуук Ташкенге барган президент Алмазбек Атамбаевди аэропорттон Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев менен шаар мэри тосуп алды. Бул тууралуу жеринен "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асанов билдирди. Маалыматка караганда, президент 24-июнда өзбек президенти Ислам Каримов менен жолугушат. Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ташкендеги саммит бүгүн башталды. Эртең аяктай турган жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан президенттери, Иран, Индия, Пакистан бийлигинин өкүлдөрү катышат. Анын ишин чет элдик 200дөй журналист чагылдырат.

Саммитте аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Соңунда ШКУнун он беш жылдык декларациясы кабыл алынат. (NT/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG