Линктер

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн президенттери Ташкенттеги эки күндүк саммитке чогулушту.

23-июнда башталган саммитте аймактык коопсуздук жана Ооганстандагы учурдагы кырдаал талкууланары айтылган. Ошондой эле Индия менен Пакистандын 2017-жыл ичинде уюмга кошулуу ыктымалдыгы да талкууланат.

Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун 22-июнда билдиришинче, келечекте Иранды ШКУга кошуу маселеси да көтөрүлүшү ыктымал.

Учурда уюмга Орусия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. Ооганстан, Беларус, Индия, Иран, Монголия жана Пакистан байкоочу статусунда.

Ушу тапта президенттер иш-чаранын маданий бөлүгүндө, Ташкенттеги форумдар сарайында өзбек өнөрпоздорунун концертин көрүшүүдө.

Негизги жыйын 24-июнга белгиленген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG