Линктер

Казакстанда автокырсыкта мерт кеткен кыргызстандыктардын кимдиги тактала элек


Алматы-Астана унаа жолунда беш Кыргызстандыктын өмүрүн алган авариянын чоо-жайын Алматыдагы башкы консулдук иликтеп жатат. Мерт кеткендердин тек-жайы азырынча аныктала электигин, жарадар болгондордун абалы тууралуу толугураак маалымат Тышкы иштер министрлигине бүгүн келерин аталган мекемеден кабарлашты.

23-июнь күнкү унаа кырсыгында каза тапкандардын төртөө балдар, бирөө аял. Дагы беш киши түрдүү жаракат менен Приозерск шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Маалыматка караганда, Кыргызстандык мамлекеттик номери тагылган Mercedes Vito микроавтобусу менен жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Setra автобусу кагылышып кеткен. Окуяны Жамбыл райондук милициясы иликтеп жатат.

2015-жылы да Жамбыл облусунда “Газель” микроавтобусу авария болуп, 16 адам мерт кеткен эле. Алардын 15и кыргызстандыктар болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG