Линктер

Ташкенде кыргыз-өзбек президенттери сүйлөшүү жүргүзүүдө


Атамбаев менен Каримовдун сүйлөшүүлөрү.

Атамбаев менен Каримовдун сүйлөшүүлөрү.

Ташкенде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жолугушууда.

Бул тууралуу Ташкенден "Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асанов билдирди. Күн тартиби боюнча президенттердин жолугушуусу бүгүн түштөн кийинкиге пландалган. Бирок ШКУнун жыйыны башталардын алдында кездешип, эки тараптуу кызматташтык талкууланып жатканы кабарланды. Президенттердин жолугушуусуна журналисттер киргизилген жок.

Эки өлкө жетекчилери акыркы жолу 2013-жылы сентябрда Бишкектеги ШКУ жыйынынын алкагында жолугушкан. Президент Алмазбек Атамбаевдин ШКУнун Ташкендеги саммитине катышуусу Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси солгундаган учурга туш келди. Быйыл март айында Аксыдагы Чала-Сарт аймагына Өзбекстан аскерлерин киргизгенде ал Ташкендеги саммитке барбай турганын эскерткен.

Президент Ташкенге 23-июнда барган. Сапар учурунда Кытай жана Ооганстандын лидерлери менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. (NT/BkA)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG