Линктер

Казакстанда жол кырсыгынан каза тапкандардын аты-жөнү аныкталды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Алматы облусунун Жамбыл районунда болгон жол кырсыгынан каза тапкан беш адамдын ким экени такталды. 23-июнда алардын сөөктөрү Жамбыл районунун Узынагаш ооруканасына жеткирилген. Кыргызстандын төрт жараны ар кандай жаракат менен ооруканага түштү. Арасында айдоочу да бар.

Каза тапкандар:

1. Махамадалиев Исламжон Исраилжанович, 2002-жылы туулган;

2. Махамадалиев Илёсбек Исраилжанович, 2007-жылы туулган;

3. Махамадалиев Ибрахимжон Исраилжанович, 2003-жылы туулган;

4. Алишерова Нурсулуу Базарбаевна, 1982-жылы туулган.;

5. Тойчиева Албина, 2002-жылы туулган.

Караганда облусунун Приозерск шаардык ооруканасына түшкөндөр:

1. Казыбеков Ислам Жолонович, 1978-жылы туулган. Ош облусунун Кара-Суу районунун Правда айылынын тургуну.

2. Мамыталиев Муктарбек Жээналиевич, 1987-жылы туулган. Аксы районунун Авлетим айылынын тургуну.

3. Бердибай уулу Керээз, Базар-Коргон районунун тургуну.

4. Ошондой эле 1980-жылы туулган айдоочу Махамадалиев Исраилжан Ахмадалиевич Балхаш шаардык ооруканасында жатат. Ал жол кырсыкта каза тапкан үч баланын атасы.

23-июндагы Алматы-Астана унаа жолунда беш кыргызстандыктын өмүрүн алган авариянын чоо-жайын Алматыдагы башкы консулдук иликтеп жатат. Кыргызстандык мамлекеттик номери тагылган Mercedes Vito микроавтобусу жүргүнчүлөрдү ташып бараткан Setra автобусу менен кагылышкан. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG