Линктер

Индия менен Пакистанга ШКУга толук кандуу мүчө макамы берилет


Саммит катышуучулары.

Саммит катышуучулары.

Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмунун президенттеринин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды. "Көксарайда" өтүп жаткан жыйынды өзбек президенти Ислам Каримов ачып, маанилүү документтер кабыл алынарын билдирди. Анын алгачкысы катары ШКУнун 15 жылдыгына карата Ташкен декларациясы жана Пакистан менен Индияга уюмга толук кандуу мүчө макамын берүү боюнча меморандумду атады. Каримов бул маселе боюнча түрдүү көз караштарга карабай, бардык мүчөлөр бир пикирге келгенин маалымдады.

ШКУнун он бешинчи мааракелик саммитине Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу мамлекеттер - Монголия, Беларус, Индия, Ооганстан лидерлери жана Иран, Пакистандын расмий өкүлдөрү катышууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG