Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

Террордук топтун мүчөсү Кыргызстанга кирүүгө аракеттенди


20-июнда эл аралык террордук уюмдун мүчөсү, 21 жаштагы кыргызстандык жаран өлкө аймагына кирүү аракетин көргөндө кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Колго түшкөн адам атайын диверсиялык-террордук даярдыктарды өткөнү, экстремисттик уюмдардын катарында Сириядагы өкмөттүк күчтөргө каршы согушка катышканы аныкталды. Ал террордук акт даярдоо жана ишке ашыруу максатында Кыргызстанга келген, деген маалымат бар.

Учурда УКМК экстремистик жана террордук уюмдардын мүчөлөрүн табуу, алардын аракеттеринин алдын алуу чараларын улантууда. Расмий маалыматтар боюнча, ар кайсы террордук топтордун катарында Сирия менен Ирактагы согушка катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашып кетти. (NT)

XS
SM
MD
LG