Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Өзбекстандын баш калаасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммити башталды. Уюмдун он бешинчи мааракелик саммитине Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу мамлекеттер - Монголия, Беларус, Индия, Ооганстан лидерлери жана Иран, Пакистандын расмий өкүлдөрү катышууда.

Жыйын соңунда ШКУнун 15 жылдыгына арналган Ташкент декларациясы кабыл алынарын өзбек лидери Ислам Каримов саммитти утурлай өткөн президенттердин тар чөйрөдөгү жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, бул документте уюмду 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жоболору жазылган.

Бул сапар Пакистан менен Индияны ШКУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуу боюнча меморандумга да кол коюла турган болду. (NT/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG