Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:55

ШКУнун кийинки саммити Казакстанда өтөт


Шанхай кызматташтык уюмунун кийинки саммити 2017-жылдын 8-9-июнунда Казакстанда өтөт. Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Ташкентте өтүп жаткан саммит учурунда билдирди. Ташкент саммтинде келээрки жылы уюмга төрагалык кылуу милдети Казакстанга өткөрүлдү.

Назарбаев өз сөзүндө ШКУнун алкагында эл аралык террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Аталган уюм 2001-жылы чек аралардагы коопсуздукту, өз ара ишенимди камсыздоо максатында түзүлгөн. Учурда ага мүчө мамлекеттердеги соода жана маданий алакаларга да таасирин тийгизүүдө.

ШКУга Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан,Тажикстан жана Өзбекстан мүчө. (NT/BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG