Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Атамбаев эл аралык террорчулукка каршы чогуу күрөшүүгө чакырды


Президенттер.
Президенттер.

Ташкенде ШКУга мүчө мамлекеттердин саммити уланууда. Анда сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев коопсуздук маселелерине көңүл бурду. Учурда коопсуздук маанилүү экенин билдирип, бул жаатта биргеликте аракеттенип, чогуу күрөшүүгө чакырды.

Ошондой эле Атамбаев чек ара коопсуздугун чыңдоо зарылдыгына да токтолду. Анын пикиринде, бул жааттагы маселелерди тынчтык жолу менен чечүү зарыл:

-Учурда дүйнөдөгү коопсуздук боюнча абал оңой эмес. "Ислам мамлекети" тобу сыяктуу террордук уюмдар жарандарыбызды өз катарына тартууга далалаттанып жатат,- деп айтты Атамбаев.

Президент мындан тышкары Кыргызстан Пакистан жана Индияны ШКУга толук кандуу мүчө катары кабыл алууну кубаттады. Ирандын өзөктүк куралды өндүрүүнү азайтуу чечими анын уюмга кабыл алынышын тездетерин кошумчалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG