Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

ШКУга Иранды кошуу сунушу колдоо тапкан жок


ШКУ саммитине чогулган лидерлер. Ташкен, 24-июнь, 2016-жыл.
ШКУ саммитине чогулган лидерлер. Ташкен, 24-июнь, 2016-жыл.

Ирандын Шанхай кызматташтык уюмуна кошулуусун Орусия кызуу жактоодо.

“Орусиянын туруму ачык, алар Ирандын уюмга кошулуу жараяны эч создуктурулбастан башталуусун колдойт”,- деди Москванын ШКУдагы өкүлү Бактияр Хакимов бүгүн Ташкенде журналисттерге.

Анын ырастоосунда, өзбек борборундагы бүгүнкү саммитте ШКУнун лидерлери Ирандын мүчөлүгү жөнүндөгү идеяга “принцибинде” каршы болгон жок, бирок мунун убактысы менен байланышкан айрым “техникалык нюанстар” чыкты.

Ирандын ШКУга мүчөлүгүнө Кытай каршы болуп жаткандай. Өлкөнүн тышкы иштер министри Ван И билдиргендей, Бээжин алдыга жылуудан мурда азырынча Индия менен Пакистандын мүчөлүгүнө көңүл бурууну көздөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG