Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Кытайдын чыгышындагы катуу шамалдан 100гө жакын киши набыт болду


Кытай.
Кытай.

Кытайдын кабар агенттиктери билдиргендей, кубаты саатына 125 чакырымдан ашкан шамалдан 98 кишинин өмүрү кыйылгандан тышкары 800дөй киши жаракат алды.

Мындан сырткары электр зымдары үзүлүп, турак үйлөр менен башка имараттардын чатырлары сыйрылды.

Шанхайдан анчалык алыс эмес жердеги Яньчэн шаары торнадого кабылды.

Мамлекеттик Синьхуа агенттигинин жазганына караганда, учурда иш сапары Өзбекстанда жүргөн президент Си Цзиньпин өкмөткө жаратылыш кырсыгына кабылгандарды куткаруу жана аларга жардам көргөзүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ушул аптанын башында Кытайдын түштүгүндөгү суу ташкындан кеминде 22 адам өлүп, 20дайы дайынсыз жоголгон.

Былтыр июнда болсо Янцзы дарыясында катуу шамалдан улам жүргүнчү кеме чөгүп, анын бортундагы 442 адам, көбүнесе улгайган туристтердин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG