Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Сирия оппозициясы Орусиянын кассеталык бомбасын иликтөөнү талап кылды


Иликтөөчүлөр Орусия Сирияда кассеталык бомбаларды колдонгону боюнча далилдерди быйыл жыл башында чыгарышкан.

Иликтөөчүлөр Орусия Сирияда кассеталык бомбаларды колдонгону боюнча далилдерди быйыл жыл башында чыгарышкан.

Сириянын оппозициячыл топтору мындай өтүнүч менен Улуттар уюмуна кайрылды.

Оппозициячыл топтордун Жогорку сүйлөшүү комитетинин координатору Риад Хижаб баш катчы Пан Ги Мунга жолдогон катта “Орусиянын аба күчтөрү сириялык жарандарды өлтүрүү, мунжу кылуу үчүн күйгүзүүчү куралдарды, кассеталык бомбаларды бир нече ирет колдонгон, мындай учурлардын кеминде он чактысы документтештирилген, алар кадимки куралдардын конкреттүү түрлөрү боюнча конвенцияны жана эл аралык гуманитардык мыйзамдарды бузду”, - деп айтылат.

Күйгүзүүчү бомбалар аты айтып тургандай, адамдарга же обьектилерге тийген учурда аларды өрттөп жиберет.

Ал эми кассеталык бомбалар жарылганда майда бөлүктөргө ажырап, кеңири аймакка чачырап кетет. Куралдын бул эки түрүн тең колдонууга эл аралык конвенцияларда тыюу салынган.

Орусиянын армиясы кассеталык же күйгүзүүчү бомбаларды Сирияда колдонду деген маалыматтарды такай четке кагып келет, бирок мамлекеттик “Russia Today” телеканалы өткөн аптада көргөзгөн сюжетке караганда, Орусиянын Сириядагы учактары ошондой курал менен жабдылгандай. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG