Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Атамбаев ШКУга мүчө өлкө башчыларын көчмөндөр оюндарына чакырды


Көчмөндөр оюндары.
Көчмөндөр оюндары.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмунун бүгүнкү саммитинде билдирди. Мамлекет башчы маданий жана гуманитардык кызматташуу ШКУ алкагындагы өз ара алаканын ажырагыс бөлүгү бойдон калышы керектигин белгилеп, саммиттин катышуучуларын II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна келүүгө чакырды.

Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Биринчи жолу бул иш-чара 2014-жылы уюштурулган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан. Быйылкы эл аралык оюндарга мындан да көп мамлекеттин өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Катышуучулар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат. (NT)

XS
SM
MD
LG