Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Жээнбеков: Көк-Талаа-Пүлгөн жолу чек ара көйгөйүн чечет


Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунда Көк-Талаа-Пүлгөн жолунун ачылышында билдирди. Ал Ош–Баткен–Исфана автожолунун бир бөлүгү болгон Көк-Талаа – Пүлгөн тилкесинин пайдаланууга берилиши менен чектеш өлкөлөрдүн анклавдарына байланышкан маселелер чечилерин белгиледи. Анын айтымында, өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыздоо, аймактар менен үзгүлтүксүз байланыштырып турууга шарт түзүү аракети уланат.

Жалпы узундугу 14,7 чакырым болгон Көк-Талаа-Пүлгөн жолу бүгүн ачылды. Ага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жана долбоорду каржылаган Еврошаркеттин өкүлү Яап Ора катышты. Аталган жолду куруу иштери 2013-жылы башталып, 2014-жылдын соңунан бери каттамга уруксат берилген. Буга чейин Ош-Баткен жолунун бул бөлүгү Өзбекстандын аймагынан өткөндүктөн, жергиликтүү тургундарга түрдүү кыйынчылыктар жаралып, жаңжалдар да чыгып турчу.

Жолдун курулушуна Евробиримдик жети миллион евро грант катары колдоо көрсөткөн.(JsA)

XS
SM
MD
LG