Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Казакстандын дагы бир аймагынан күйдүргү чыкты


Казакстандын саламаттык сактоо министри Тамара Дуйсенова бүгүн билдиргендей, күйдүргү илдети бул ирет Чыгыш Казакстан облусунун эки тургунунан табылды.

Мунун алдында бийликтер 22-июнда Караганда облусунда эки адам күйдүргүдөн мерт болгонун жана бул илдетке кабылган дагы алты киши ооруканага жаткырылганын ырасташкан.

Тамара Дуйсенованын бүгүнкү маалыматына караганда, учурда күйдүргү жарасы менен Караганда шаарынын ооруканасында жети адам жатат.

Дарыгерлер күйдүргү дарты адамдар менен катар малга, жапайы жаныбарларга да жугарын белгилешет. (UE)

XS
SM
MD
LG