Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Башкы штаб: торпедо сыноо тууралуу маалымат такталууда


Торпедону сыноо.
Торпедону сыноо.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Ысык-Көлдө орусиялыктардын торпедо сынаганы тууралуу маалыматты тактоодо. Бул тууралуу мекеменин маалымат жана басма сөз башкармалыгынын жетекчиси Майрамбек Мусиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, торпедо сыноонун чын-бышыгын аныктоо максатында Орусияга кат жиберилди. Орус тарап буга чейин сыноо тууралуу Кыргызстанды кабардар кылган эмес. Башкы штаб интернетте тараган маалыматтардан кийин кат жолдоп, азыр анын жообун күтүп жатат.

Орусиянын аскер-деңиз флоту Ысык-Көлдө “Футляр” торпедосун сыноодон өткөрүп жатканын 23-июнда коргоо-өндүрүш комплексиндеги булактарына таянып, орусиялык ТАСС агенттиги жазып чыккан.

“Футляр” мурда чыгарылган “Физик” аттуу торпедонун жаңыртылган түрү. (NT)

XS
SM
MD
LG