Линктер

Ташкентте Алмазбек Атамбаев Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен жолугушту. Тараптар кыргыз-ооган кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Атамбаев менен Гани Өзбекстандын башкалаасына ШКУ жыйынына катышуу үчүн келишкен.

Бүгүн аяктаган саммитте ШКУнун 15 жылдыгына арналган Ташкент декларациясы кабыл алынды. Документте уюмду 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жоболору жазылган. Мындан тышкары Пакистан менен Индияны ШКУнун толук кандуу мүчөлүгүнө кабыл алуу боюнча меморандум түзүлдү.

Уюмдун он бешинчи мааракелик саммитине Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу мамлекеттер - Монголия, Беларус, Индия, Ооганстан лидерлери жана Иран, Пакистандын расмий өкүлдөрү катышты. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG