Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Баткенге барган кезде билдирди. Министрдин маалыматына ылайык, сел кыйратып кеткен 12 объектти калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Өкмөт башчы 23-24-июнда Баткен облусуна барып, май айынын аягында сел кыйратып кеткен аймактын абалы менен таанышты. Ошондой эле ал селден жабыркагандар үчүн тургузулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунун жүрүшүн да көрдү. Аталган турак-жайда 120 батир болот, анын курулушу 93,5 млн сом турат. Бул үйдүн курулушу 2011-жылы башталып, белгисиз себептер менен токтоп калган.

Баткен облусунун Кадамжай районда 27-май күнү катуу сел жүрүп, беш адамдын өмүрүн алган. Бир наристе дайынсыз жоголгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG