Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Майлы-Суулук тургундун үйүнөн курал-жарактар алынды


Алынган курал-жарактар
Алынган курал-жарактар

Жалал-Абад ОИИБнын билдиргени боюнча, “Бандит” операциясы учурунда ок атуучу куралдар жасалып, сакталып турганы тууралуу оперативдүү маалымат алынган. Анын негизинде Майлуу-Суу милициясынын жардамы менен 24-июнь күнү Майлуу-Суу шаарынын Садовая көчөсүнүн тургуну, 1953-жылы туулган Ф.А.нын үйүнө күбөлөрдүн катышуусунда тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда үйдүн шыбынан төмөнкү курал-жарактар алынган:

1. 1948-жылы чыгарылган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал.

2. 16 калибрдеги сайсыз курал.

3. Стволу жасалган “ТОЗ” үлгүсүндөгү сайлуу курал.

4. ТОЗ үлгүсүндөгү сайлуу куралдын кундагы.

5. “Револьвер” тапанчасы

6. ИЖ үлгүсүндөгү пневматикалык курал.

7. 20 даана 16 калибрдеги гильза.

8. 6 даана “Револьвер” тапанчасынын огу.

9. 10 даана 32 калибрдеги ок жана анын беш даанасы октолгон.

Алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Облустук милициянын маалыматы боюнча Майлы-Суу шаарынын тургунунун үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү Жалал-Абад облустук сотунун санкциясы менен жүргүзүлгөн.(EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG