Линктер

Папа Франциск 1915-жылкы окуяны "геноцид” деп атады


Папа Франциск Армениянын президенти Серж Саргсян менен (оңдо). 25-июнь, 2016-жыл

Папа Франциск Армениянын президенти Серж Саргсян менен (оңдо). 25-июнь, 2016-жыл

Армениянын борбору Ереванга барган учурунда папа Франциск 1915-жылы армяндардын массалык кыргынын “геноцид” деп атады. Ал армян президентине жана дипломаттык корпуска жасаган кайрылуусунда Франциск кыргынды “катуу каар” деп айтып, бирок кийинчерээк мурдатан даярдалган текстке “геноцид” деген сөздү кошуп кеткен.

Папа Францисктин сөзүнө азырынча Түркия жооп бере элек. Өткөн жылы Түркия папанын “геноцид” деген сөздү колдонгону үчүн Ватикандагы элчисин чакыртып алган болчу. Түркия Биринчи Дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясынын аймагында жашаган көптөгөн христиан-армяндар түрк аскерлери менен кагылышканын моюнуна алганы менен, аны геноцид деп тааныбай, ал согушта көптөгөн түрк мусулмандар да өлгөнүн билдирип келет.

Папа Франциск – Армения эгемендик алгандан бери экинчи жолу келип жатат. 2001-жылы Рим папасы Иоанн Павел II Арменияга келип, "геноцид" деген сөздү жазуу түрүндө колдонгону менен оозеки сүйлөгөн учурунда колдонгон эмес.

XS
SM
MD
LG